Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун Биринчи форуму өтүүдө

    Бишкекте 2019-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ректорлорунун “Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү – келечекке инвестиция” аттуу Биринчи форуму өз ишин баштады.

Иш-чара Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапарынын алкагында өтөт.

Форумдун максаты - эки тараптуу кыргыз-россиялык илимий жана билим берүү кызматташтыкты кеңейтү.

Форумдун ишине Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министри Михаил Котюков, Россия Федерациясынын Агартуу министри Ольга Васильева, Россиялык ректорлордун союзунун президенти Виктор Садовничий жетектеген 40 Россиянын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышат. Ошондой эле алардын арасында Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россия эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясынын (РЭЧжМКА) ректору Мау В.А. катышат.

Кыргызстан тарабынан Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, КР жогорку окуу жайлардын ассоциациясынын төрагасы Абдылда Мусаев баштаган 31 жождун ректорлору катышышат.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Акматалиев А.А. өз сөзүндө РЭЧжМКАнын ректору Мау В.А.га кайрылып академиянын ролу мамлекеттик башкаруу жана ишкердик тармагында жогорку башкаруу кадрларын даярдоодо чоң тажрыйбасы бар окуу жайларынын бири экенин, ошондой эле коюла турган меморандуму келечекте өз ара кызматташууда жаңы импульс болоорун белгилей кетээри күтүлүүдө.

Форумдун программасында пленардык отурум жана төмөнкү тематикалар боюнча сессиялык блок: "Орус тили Россия Кыргызстандын илимий билим берүү интеграциясынын негизи"; "Табигый илимий жана гуманитардык жаатындагы кыргыз-россиялык кызматташтыгы"; “Экономиканы модернизациялоо шарттарында кадрлады даярдоодо жаңы мамилелер".

Форумдун жыйынтыгында КР жогорку окуу жайлардын ассоциациясынын жана Россиялык ректорлордун союзунун кызматташтыгы тууралуу Макулдашууга кол коюуу күтүлүүдө, ошондой эле Россия менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы биргелешкен программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу жана кызматташуу боюнча 79 эки тараптуу келишимге кол коюлат.

Copyright © 2016 АГУПКР
При перепечатке текстовой информации и фотографий ссылка на сайт обязательна