THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

«Жарандык кадрлардын башкаруу жөндөмүн өнүктүрүү» академиялык сертификатталган кайра даярдоо программасы ийгиликтүү аяктады

21.09.2023

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы жана Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россиянын Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясы (РАНХиГС) «Жарандык кадрлардын башкаруу жөндөмүн өнүктүрүү»  - «Мамлекеттик башкаруунун адиси – Specialized Master in Public Management (SMPM)» стандартына ылайык. академиялык сертификатталган кайра даярдоо программасы ийгиликтүү аяктады.

Программанын максаты мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик башкаруу көндүмдөрүн жогорулатуу болуп саналат.

Окутуу дистанттык технологияларды колдонуу менен өттү, программа 760 саатка (280 аудиториялык саат) ылайыкталган. Билим берүү программасы РАНХиГС жана Академиянын белгилүү профессорлору тарабынан ишке ашырылды.

Программага катышуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ичинен 33 студент ачык сынактын негизинде тандалып алынган, алардын 29у окуу жылын ийгиликтүү жана акысыз аяктап, РАНХиГСтин дипломуна ээ болушту.

Академиянын ректору, профессор А.А.Акматалиев жана РАНХиГС проректору, профессор А.А.Марголин куттуктоо сөз сүйлөшүп дипломдор тапшырылды.