THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Милдеттүү медициналык камсыздандыруусу жөнүндө келишим

28.09.2023

2023-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек шаардык аймактык башкармалыгынын директору  Омурчиев Тимур Эрикович Академияда билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттерди милдеттүү медициналык камсыздандыруусу жөнүндө келишимге кол коюшту.

Макулдашуунун предмети болуп «Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Академияда билим алып жаткан 17 чет өлкөлүк студенттерди милдеттүү медициналык камсыздандыруусу болуп саналат. ММК Фондунун БТУ менен келишимдин негизинде иштеген саламаттык сактоо уюмдарында жарандарды медициналык жардам менен камсыз кылуу боюнча кепилдиктер программасы.

Бул чет элдик студенттер Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алгандан кийин камсыздандыруу статусуна ээ болушат жана Кыргызстандын жарандары катары Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарында  медициналык кызматтардан пайдалана алышат.