THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

“Ийгиликтин формуласы” темасында конок лекция

06.10.2023

2023-жылдын 6-октябры, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Экономика жана Менеджмент» кафедрасынын демилгеси менен. чакырылган конок, Кыргызстандын, Россия Федерациясынын эмгек сиңирген маданият ишмери, «Ассоль» Фондунун президенти, Ч.Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форумунун башкы катчысы Ассоль Молдокматова менен мыкты жолугушуу өткөрдү.

“Ийгиликтин формуласы” темасындагы конок лекция эң жогорку деңгээлде өттү. Бул жолугушуу Академиянын студенттерине, окутуучуларына жана административдик кызматкерлерине “убакытты башкаруу”, “финансылык менеджмент” жана “психологиялык менеджментти” башкарууга эң жогорку мотивация берди. Бул жолугушуу ар бир адамдын жашоосунда жеке мүнөзүн жакшыртуу үчүн зор дем жана стимул берди. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы Ассоль айымга «Ийгиликтин формуласы» деген темада ушундай мотивациялык тренинг өткөргөндүгү жана Академияга убакыт бөлүп бергени үчүн терең ыраазычылык билдирет.