THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

МСУм-1-22 тайпасынын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи

19.10.2023

2023-жылдын 19-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Ханнс Зайдель фондунун биргелишкен магистердик программалардын  «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багытынын  «Жергиликтүү мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу» программасынын  МСУм-1-22 тайпасынын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү.

Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, Ханнс Зайдель Фондунун Борбор Азиядагы жетекчиси доктор Макс Георг Майер, академиянын проректору Абдиева Адиля Ильясбековна, ошондой эле э.и.д., профессор, «Мамлекеттик башкаруу жана укук” кафедрасынын  башчысы Жапаров Турдубек Турдалиевич, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин эл аралык кызматташтык жана окутуу бөлүмүнүн башчысы. Жекшенкулов Беккул Аликович жана академиянын профессордук-окутуучулар жамааты бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, дипломдорду тапшырышты.