THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жана шаар мэрлери үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары

14.05.2024

2024-жылдын 13-майынан 16-майына чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарындагы жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жана шаар мэрлери үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары башталды.

Иш чаранын жүрүшүндө алгач Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Кадыралиев Азамат Сактанбекович жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агенттигинин директору Базарбаев Кудайберген Базарбаевич сөз сүйлөшүп, катышуучуларга курстун максаттары менен тааныштырып өтүштү. 

Курс төмөндөгү темалар боюнча өткөрүлөт:

  • Социалдык - экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгуу (СЭӨП);
  • Мамлекеттик жана муниципалдык финансыларды башкаруу;
  • Жер мыйзамы жана жер ресурстарын башкаруу. Мамлекеттик жайыттарды башкаруу;
  • Аймактарды өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу;
  • Мамлекеттик жеке өнөктөштүк;
  • Жергиликтүү деңгээлдеги сугат ресурстарын башкаруу;
  • Муниципалдык ишкана – түзүү жана башкаруу;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык курамы жана шаттык бирдиги;
  • Жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердигинде долбоордук мамиле темалары боюнча өткөрүлөт.