THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

КР райондук мамлекеттик администрация башчыларынын-акимдеринин жана шаарлардын мэрлеринин квалификациясын жогорулатуу курстары

17.05.2024

2024-жылдын 13-майынан 16-майына чейин Жусуп Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын райондук мамлекеттик администрация башчыларынын-акимдеринин жана шаарлардын мэрлеринин квалификациясын жогорулатуу курстары болуп өттү.

Үстүбүздөгү жылдын 14-майында окуу сабактары аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Төрөбаев Бакыт Эргешевич квалификацияны жогорулатуу курстарынын катышуучулары менен жолугушту. Ал айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы жана суу чарба тармактарында жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун жана аны жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан жигердүү иштерге токтолуп, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын-акимдеринин жана шаар мэрлеринин суроолоруна жооп берди.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 15-майында, ошондой эле окуу сабактары аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Эдил Жолдубаевич Байсалов менен жолугушуу болуп өттү жана жолугушууда учурдагы иштер, жетишкендиктер жана аймактардагы көйгөйлүү маселелер тууралуу маалымат берди. Социалдык чөйрөгө тиешелүү маселелер кеңири талкууланып, жыйын жигердүү суроо-жооп режиминде өтүп, анда билим берүү, социалдык коргоо, медициналык тейлөө жана башка көптөгөн тармактарды өркүндөтүүнүн жолдору конструктивдүү каралды.

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Жапаров Акылбек Үсөнбекович квалификацияны жогорулатуу курстарынын катышуучулары менен жолугушту. Кыргыз Республикасынын мындан аркы өнүгүүсү үчүн сапаттык өзгөрүүлөрдү жасоо максатында түрдүү темаларда жемиштүү пикир алмашуу болду.