THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

ЖЕРГИЛИКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯ БАШЧЫЛАРЫ ЖАНА ШААР МЭРЛЕРИ ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫ

22.05.2024

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана Менеджмент факультетинде 2024-жылдын 20-майынан 23-майына чейин 2-тайпадагы Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары менен шаар мэрлери үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүп атат.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын  жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн эксперти Шамеев Азамат Султанович, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агенттигинин директору Базарбаев Кудайберген Базарбаевич жана эл аралык кызматташтык жана окутуу бөлүмүнүн башчысы Сүйүнов Данияр Унгарбаевич, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Арстанкулов Талантбек Курбаналиевич, ОшМУнун ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу Академиясынын проректору Аманалиев Урмат Олжобекович жана Жогорку администрлөө жана башкаруу курстарынын директору Абдыраманова Чолпон Шабданбаевна катышышты.

Өткөрүлүп жаткан окуу курстар быйылкы жылы алгач мамлекеттик заказдар алкагында өткөрүлүүдө. Мындай окуулар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын окутууга дагы багытталган.