THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик программасы

14.06.2024

2024-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясында 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча кызыкдар уюмдар менен кеңейтилген жыйын болуп өттү.

Академиянын ректору, профессор Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Байсалов Эдил Жолдубаевич алгач сөз сүйлөшүп, бул жыйындын максаттары жана милдеттери менен тааныштырышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө төмөндөгүлөр баяндама жасашты:

  • Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, Полотова Жылдыз Арстанбековна - 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программа, анын максаттары жана милдеттери жөнүндө презентация.,
  • Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Шайлдабекова Нуржан Кармабековна - Аялдардын шайлоого катышуу потенциалын жогорулатуу боюнча.,
  • Мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Саргазаков Максатбек Таштанбекович - 2030-жылга чейин Аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун кийинки кадамдары жөнүндө презентация.,
  • Академиянын окуудан тышкаркы иштер боюнча проректору, философия илимдеринин кандидаты, профессор Арапова Эльмира Байышевна - Лидер-аялдардын потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар: аялдардын лидерлик программасынын тажрыйбасы жана ыкмалары жөнүндө презентация.
  • Советтик жана кыргыз мамлекеттик ишмер, Түмөнбаева Жаңыл Түмөнбаевна - Ийгилик баяны: саясаттагы лидер аялдар.,
  • Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айылдык кеңешинин депутаты Молдалиева Мээрим Болотбековна - Ийгиликтин баяны: жергиликтүү кеңеште аялдар лидер.

Бул жолугушуу БУУнун Аялдар программасынын жардамы менен өттү. Элчиликтердин, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана лидер аялдар катышты.