THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

«Мамлекеттик башкаруу жана аялдардын лидерлиги» профилинин магистердик программасынын салтанаттуу ачылышы

24.10.2024

2024-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында аялдардын лидерлигине көмөктөшүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында. «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багытынын «Мамлекеттик башкаруу жана аялдардын лидерлиги» профили боюнча магистердик программасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Иш - чаранын жүрүшүндө Академиянын окутуудан тышкаркы иштери боюнча координатору Арапова Эльмира Байышевна, КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Саргазаков Максатбек Таштанбекович, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулукту коргоо боюнча чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башчысы Окоева Гульмира Качкыновна, БУУнун Аялдар түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран алгач сөз сүйлөшүп,   БУУнун Аялдар программасынын колдоосу менен аялдардын лидерлигин илгерилетүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында окутуунун жаңы усулдары боюнча тренингдердин сериясын өткөн Академиянын окутуучулар курамына сертификаттарды тапшырышты.

Ошондой эле «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багытынын «Мамлекеттик башкаруу жана аялдардын лидерлиги» профилинде окуган магистранттардын презентациялары жана саясатта аялдарга карата зордук-зомбулук боюнча изилдөөнүн жыйынтыктарынын презентациясы көрсөтүлдү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана фонддордун, эксперттик коомчулуктун жана ЖОЖдордун өкүлдөрү катышты.