"Жашыл экономика" квалификацияны жогорулатуу курсу
11.11.2024
2024-жылдын 30-октябрынан 1-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик Башкаруу академиясында Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россия эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясы (РАНХиГС) менен биргеликте "Жашыл экономика"темасында квалификацияны жогорулатуу курсун өткөрүштү.
Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич жана программанын куратору, профессор, Академиянын проректору Абдиева Адиля Ильясбековна алгач сөз сүйлөшүп, программанын тренери, экономика илимдеринин доктору, профессор, Россия Федерациясынын Эмгек сиңирген экономисти, РФ Президентине караштуу РАНХиГСтин проректору Марголин Андрей Марковичти тааныштырышты.
Бул тренинг-семинар жалпы көлөмдө 72 саатка эсептелген, анын 24 сааты офф-лайн режиминде, ал эми калган 48 саат он-лайн режиминде өткөрүлдү.
Бул программанын катышуучулары "Жашыл экономика" багыты боюнча квалификациясын жогорулатып жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, КРПМБАнын жана Кыргызстандын башка ЖОЖдорунун окутуучулары, ошондой эле бизнес-коомчулуктун жана финансы-банк секторунун өкүлдөрү болушту. Жалпысынан 34 угуучу катышты.
Курстун жүрүшүндө төмөнкүлөр каралды:
- Туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнүн глобалдык тенденциялары жана стратегиялык артыкчылыктары;
- Башкаруу системасын трансформациялоо: принциптери, региондук жана тармактык өзгөчөлүктөрү, тобокелдиктерди баалоо;
- "Жашыл" долбоорлордун жана мамлекеттик программалардын натыйжалуулугун экологиялык-экономикалык баалоонун өзгөчөлүктөрү;
- Кейс: "Курчап турган чөйрөнү коргоонун негизги багыттары" региондук мамлекеттик программасын ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо;
- Кейс: Таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулуш долбоорунун натыйжалуулугун баалоо.
Квалификацияны жогорулатуу курсунун соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.