THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Конституционализм мектеби

09.12.2024

2024-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында болочок юристтерди даярдаган ЖОЖдун окутуучулары үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан уюштурулган “Конституционализм мектеби” өткөрүлдү. Бул “Конституционализм мектебине” КР Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынан “Укук жана философиякафедрасынын окутуучусу, философия илимдеринин кандидаты Коңурбекова Гүлнура Нурдиновна, улук окутуучу Исаева Жазгүл Болотбековна катышты.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар «Коомдун туруктуу өнүгүүсү үчүн конституционализмдин мааниси», «Конституциялык соттун мамлекеттик бийлик органдарынын тутумундагы орду жана ролу» сыяктуу темаларды талкуулашты, ал боюнча Конституциялык соттун төрагасы Э.Ж. Осконбаев тарабынан толук чагылдырылды.

 

Ошондой эле, ааламдашуу шартында укуктун өнүгүү тенденциялары, конституциялык сот адилеттигин ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрү, конституциялык маданиятты жогорулатуунун мааниси жана анда билим берүү мекемелеринин ролу тууралуу сөз болду. Бул тууралуу Конституциялык соттун судьясы А.Айдарбекова билдирди.

 

Конституциялык көзөмөл органдары тарабынан колдонулган ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугун баалоого карата мамилелер, Конституциялык соттун чечимдеринин күчү жана аларды аткаруу тартиби жөнүндө суроолордун комплекси Конституциялык соттун судьясы М.Р. Бобукеева тарабынан болду.

 

Бул мектеп 2024-жылдын ноябрь айында Конституциялык сот тарабынан бекитилген Конституциялык сот менен билим берүү уюмдарынын өз ара аракеттенүү планын аткаруу максатында өткөрүлдү. Маалыматтык программа үчүн ыраазычылык билдиребиз жана мындан аркы жемиштүү кызматташууну күтөбүз.