“100 лидер айым” программасынын уландысы (2-агым): теңдикке жана өнүгүүгө карай жаңы кадам!
07.04.2025
Бишкек шаары (4-апрель 2025-жыл) – Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеп жаткан жана келечектеги жетекчи айымдардын лидерлик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган уникалдуу «100 лидер айым» окутуу жана квалификациясын жогорулатуу программасы өз ишин улантууда.
Программа КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын (КРПМБА) жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын (АМУЦА) биргелешкен демилгеси болуп саналат жана КР 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо мамлекеттик программасынын алкагында ишке ашырылат.
Программа КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте “КР Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгү [1] тарабынан Швейцария Өкмөтүнүн каржылоосунда жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын өздүк каражаттарынын эсенинен колдоого алынууда.
Программа жөнүндө:
Программа атайын кадрдык резервдеги (региондук, муниципалдык жана ведомстволук) аял лидерлердин кесиптик потенциалын жогорулатууга, алардын башкаруу жөндөмүн жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө багытталган. Катышуучулар насаатчылардын жетекчилиги астында окутуу, кесиптик өсүү жана өз долбоорлорун ишке ашыруу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү алышат.
Программанын мөөнөтү жана форматы:
Программанын экинчи агымы 2025-жылдын май айынан июль айына чейин созулат.
Тренинг форматы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Бишкек жана Ош шаарларында оффлайн модулдар;
- Онлайн вебинарлар жана консультациялар;
- Практикалык тапшырмалар жана насаатчылык колдоо.
Программанын артыкчылыктары:
- Акысыз катышуу;
- Алдыңкы мугалимдерден жана эксперттерден тренинг;
- Уникалдуу окуу материалдарына жана ресурстарына мүмкүнчүлүк;
- Квалификацияны жогорулатуу курсун бүтүргөндүгүн тастыктаган КРПМБА жана АМУЦАдан сертификат алуу;
- Кесипкөй насаатчылардын колдоосу менен өз долбоорлоруңузду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү;
- Пикирлеш адамдардын жана кесипкөй байланыштардын тармагын түзүү.
Кантип катышуу керек?
Программага катышуу үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу анкета толтурулушу керек: https://forms.gle/ttw6HR1fjwyajjyg8, ошондой эле анкета QR-код аркылуу да жеткиликтүү
Толтурулган формалар 2025-жылдын 21-апрели саат 17:00гө чейин кабыл алынат.
Катышуучуларды тандоо конкурстук негизде жүргүзүлөт. Тандоодон өткөн айымдар программага катышуу үчүн жеке чакыруу алышат.
Кошумча маалымат үчүн: s.akulova@lga.kg (e-mail), 0507892689 (WA)
[1] "КР жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүктүн курамына «Өнүктүрүү саясат институту» КБси, «Кыргыз республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу» юридикалык жактардын бирикмеси жана «Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы» кирет. Өнөктөштүк Кыргызстандын муниципалитеттеринин жергиликтүү өнүгүүсүнө жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган реформаларды колдоо үчүн инфраструктура, ресурс катары түзүлгөн жана Швейцария Өкмөтүнүн жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөрдүн колдоосу менен иш алып барат.