«Global Money Week – 2025» алкагындагы финансылык сабаттуулук боюнча сабак
11.04.2025
«Global Money Week – 2025» алкагындагы финансылык сабаттуулук боюнча сабак.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери жана мектеп окуучулары үчүн Global Money Week – 2025 эл аралык кампаниясынын алкагында финансы боюнча сабак болуп өттү. Сабак Банк Компаньондун колдоосу менен уюштурулду.
Быйылкы кампаниянын урааны — “Акылың болсо башыңда, акчаң болот капчыкта” — жаштар үчүн акчанын баасын түшүнүүгө, туура маалымат издеп табууга жана финансылык чечимдерди акыл-эстүү кабыл алууга чакырат. Бул ураан жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, акчаны башкаруу маданиятын өнүктүрүү жана жоопкерчиликтүү мамиле калыптандыруу максатын көздөйт.
Банк Компаньондун адистери катышуучуларга акчаны үнөмдөө, бюджети түзүү, финансылык коопсуздук жана заманбап санариптик куралдар тууралуу пайдалуу маалыматтарды беришти.