THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

КРПМБАда “Студенттер күнүнө” карата уюштурулган Ант беүү аземи

18.11.2019

Бүгүн 2019-жылдын 18- ноябрь Кыргыз республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясында “Студенттер күнүнө” карата уюштурулган Ант беүү аземи өткөрүлдү. КРПМБАнын Ректору профессор Акматалиев Алмазбек Акматалиевич Академиянын жалпы студенттерине

1. Мектептеги бааларды бир нече жолу оңдой берсе болот. Чыныгы турмушта андай мүмкүн эмес!

2. Жаңы маалымат теxнологиялар менен терең колдоно албасаң анда сен турмуштан калдың, конкуренцияга чыдабайсың!

3. Чет тилди билүү бул бүгүн жетишкендик эмес! Бул муктаждык жана ийгиликтин башаты!

4. Талыкпай эмгек кылып, терең билим алып, ыплас иштерге барбаган адам ар дайым ийгилике жетишет! Андай адамдар ийгилике жетпегенин эч көрө элекмин бул турмушта!

5. Терең дайра шашпай агат! Тез эле чоң болом, миллионер болом деп өзүңдү алдаба.

6. Тандаган адистик сага жакшы маяна, мыкты карьера менен бирге руxаний раxат, жөнөкөй тил менен айтмакчы кайф да алып келиши керек.

7. Ата энеңди өзүңдүн каталарың үчүн күнөөлөгөнгө шашпа! Ал эң оңой иш. Өзүң да күнөөлүү болуп жүрбө?

8. Бул жашоо өтө татаал, оңой жолдор эбак жабылган! Рынок экономикасы шартында мыкты адис болуш өтө маанилүү! Билимиң тайкы болсо бир тууганың да сага жумуш бербейт!

9. Сен адамдарга адамча мамиле кылсаң гана адам боло аласың! Боло берет деген заман өтүп кетти!

10. Ар бир нерсени пландаганды үйрөн! Себеби сенин тышыңдагы чөйрө бул пландуу чөйрө! Сенин башыңдагы бардакты тышкы чөйрө кабыл албайт!

11. Ката кетиргенден коркпо! Ар бир адам ката кетиргенге укугу бар. Колдон келсе өзүңдүн эмес, башка бирөөлөрдүн каталарынан өзүңө тыянак чыгарганды үйрөн!

12.  Жакшыга, акылдууга, таза адамга жанашканды үйрөн! Ошонун бирөө сөзсүз сенин шефиң болот бир күнү!

    Бирок, эсиңде болсун: родителей и начальников не выбирают!

12 кеңешин айтып, ак жло тилеп каалоо тилектерин арнады. Ошону менен  магистратура болумунун жетекчиси Баймулдинова А.Т., бакалавр программасынын жетектекчиси экономика илимдеринин кондидаты доцент Супатаева Н.Т., А. Токтоналиев атындагы БФЭТ директору Кулунтаев А.А.,.  куттуктоо сөздөрүн арнап ийгилик каалады.

Жалпы студенттердин атынан ЭУБ-1-19 группасынын студенти Аратов Баястан ант берип, кеченин  соңунда студенттер тарабынан дайындалган концерттик программа менен жыйынтыкталды.