THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Ыссык-Көлдө КРПМБА жана БФЭТтин жамааты тимбилдинге катышышты

21.06.2019

Үстүбүздөгү жылдын 21-июнунда жайкы сезондун ачылышына карата КРПМБАнын жана БФЭТтин жамааты өзүбүзгө тиешелүү болгон Ак-Толкун пансионатына жылда өтүлүүчү ишембиликке катышышты. Пансионаттын айлана-чөйрөсүн тазалоодон тышкары биздин активдүү окутуучуларыбыз оюндарды, конкурстарды уюштурушту. Кечки гала-концерт бардык кызматкерлердин катышуусу менен өттү.

Бул тимбилдингте академиянын жана техникумдун кызматкерлери дагы бир жолу бекем команда экенин далилдешти. Мындай иш-чаранын өткөрүлүп турушунун максаты жамааттын ынтымагын жана командалык духун бекемдөө болуп саналат.     

Биздин командага башталган кабыл алуу кампаниясына ийгилик, ошондой эле келе жаткан жаңы окуу жылына жаңы күч менен келишин кааламакчыбыз!