Мамлекеттик тил мыйзымынын 30-жылдыгына арналган «Муундардын мурасы» этно-жүрүш иш чарасы болуп өттү
30.09.2019
30-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы (КРПМБА) Бишкек финансы-экономикалык техникуму менен биргеликте Мамлекеттик тил мыйзымынын 30-жылдыгына арналган «Муундардын мурасы» этно-жүрүш иш-чарасын өткөзүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук кийимдердин, музыкалык аспаптардын жана илгерки муундардын жасап келе жаткан тамак аштары тартууланды.
Бул иш-чаранын негизги максаты ата бабаларыбыздан алып калган ыйык мурастарыбызды: Ата мекенибиз, эне тилибиз, салт-санаабызды сактап келекчек муунга өткөзүп берүү болуп саналат.
«Муундардын мурасы» этно-жүрүштүн аягында конкурска катышкан командаларга номинациялар ыйгарылып, Академия “Жээренчи чечен” атту наамга татыктуу болду.