THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

“Кыргызстандын маданияты: кечээ, бүгүн жана эртең” темасындагы ачык лекция болуп өттү.

10.12.2019

2019 - жылдын 10 – декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында, профессордук мугалимдер курамы жана магистранттар үчүн уюштурлган “Кыргызстандын маданияты: кечээ, бүгүн жана эртең” темасындагы ачык лекция болуп өттү.

Академиянын ректору профессор Акматалиев Алмазбек Акматалиевич лекчияны ачуу менен бирге, ачык лекциянын коногу Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Жаманкулов Азамат Капарович жөнүндө кыскача тааныштырып өттү.

Лекциянын жүрүшүндө А.Жаманкулов маданияттын келип чыгыш тарыхы, маданияттын түрлөрү жана заман талабына жараша өсүшү жөнүндө кенен айтып берди. Жана ошондой эле маданияттын бир бөлүгү болгон сүрөт искуствосундагы, Кыргызстандын элет жеринен чыккан, дуйнолук шедеврларды жараткан сүрөтчүлөрдүн деңгээлдеги  мыкты сүрөтчү инсандарды колдоп, көргөзмө галереяларды уюштуруп, аларга маданият министирлиги колдоо көрсөтүп жаткандыгын айтты.

Мындан тышкары А.Жаманкулов театрлардын жана маданий борборлордун ифраструктурасынын жакшыртылышы жөнүндө жана китеп каналар жөнүндө маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жүргүзүп жаткан иш аракеттери боюнча токтоло кетти.

Ачык лекциянын жыйынтыгында профессордук мугалимдер курамы жана магистранттар тарабынан көптөгөн кызыктуу суроолорго жооп берди.