THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

АКАДЕМИЯДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛДЫК ТОВАР ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨР АССОЦИАЦИЯСЫНЫН АТКАРУУЧУ ДИРЕКТОРУ М.П.САМАТОВДУН АЧЫК ЛЕКЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТ

24.09.2019

2019-жылдын 24-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Айылдык товар өндүрүүчүлөр ассоциациясынын аткаруучу директору, Farmoni Company Ltd компаниясынын башкы директору Саматов Манас Парманович Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында студенттер үчүн ачык лекциясын өткөрдү.

Саматов М.П. агробизнес жаатында билимдин ири дүкөнүнө ээ, техникалык илимдердин кандидаты, экономика жаатындагы эл аралык эксперт. Ал "Манас 1000" юбилейлик медалы менен сыйланган, Өзбекстандын Илимдер академиясынын лауреаты.

Лектор студенттерге жемиш бактарын өстүрүү бизнеси жөнүндө презентация өткөрүп, студенттерге бул тармакта, биздин өлкөдө бизнести өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги жөнүндө тажрыйбасы менен бөлүштү. Студенттер өзүлөрүнүн суроолорун бере алышты жана агробизнес жаатындагы тиешелүү билимдерди үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ыраазычылыктарын билдиришти.

Мамлекеттик башкаруу академиясында коноктордун лекциялары коомдук жана мамлекеттик лидерлердин, ийгиликтүү ишкерлердин жана эксперттердин катышуусу менен системалуу түрдө өткөрүлүп турат, алардын максаты жаштарды жашоодо ийгиликке жетүүгө түрткү берүү.

Академиянын кызматкерлеринин атынан мырза Саматов Манас Пармановичке кызыктуу жолугушуу үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.