THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

КРПМБАда экономика жана башкаруу кафедрасы тарабынан уюштурулган "Бухгалтердик билим берүүнүн абалы жана келечеги

27.02.2020

2020-жылдын 27-февралында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында Экономика жана башкаруу кафедрасы тарабынан уюштурулган "Бухгалтердик билим берүүнүн абалы жана келечеги: жумуш берүүчүлөрдүн жана эксперттердин көз карашы" деген темада тегерек стол болуп өттү.

Төмөнкү активдүү катышуучулар болду:

 

  • Дүйнөлүк Банктын KAREP долбоорунун консультанты Гүлнар Шеримбекова,
  • Депутат, “Грант Торнтон” ЖЧКнын директору, т.и.д., Давирбек Садиков,
  • "Сырт Курулуш" ЖЧКсынын башкы директору Тажибаев Адылбек,
  • "Профит Компани" ЖЧКнын башчысы Абдысатаров Нурсултан,
  • “Platinum Star Company” ЖЧКсынын башкы бухгалтери Мамбетмусаева Райзат,
  •  коммерциялык банктардын өкүлдөрү;
  •  республиканын алдыңкы университеттеринин өкүлдөрү;
  • КРПМБанын бүтүрүүчүлөрү.

Тегерек столдун жүрүшүндө бухгалтердик эсеп боюнча билим берүүнү өнүктүрүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү жана келечеги талкууланды, академиянын “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” магистрдик программасынын окуу программасы, инновациялык технологиялардын жана санарип экономиканын өнүгүүсүнүн бухгалтердик эсептин теориялык аспектилерине тийгизген таасири ж.б.

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча, студенттер менен магистранттардын “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” программасы боюнча практикалардын ар кандай түрлөрү боюнча Академия менен компаниялардын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумдарды түзүү жана практика жүзүндө адистердин конок лекцияларын өткөрүү боюнча алдын-ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.