THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

КРПМБА "АДАМ, МЫЙЗАМ, ЭРКИНДИК" КФ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ КРПМБАНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮЧҮН УСУЛДУК ВЕБИНАР УЮШТУРДУ

08.05.2020

2020-жылдын 8-майында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы "Адам, Мыйзам, Эркиндик" коомдук фонду менен биргеликте КРПМБАнын окутуучулар жамааты жана кызматкерлери үчүн усулдук вебинар уюштурду.

КРПМБАнын ректору, профессор А.А.Акматалиев куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Спикерлер:

  1. Нуржан Дүйшө кызы – саясий илимдеринин кандидаты, доцент, "ZOOM платформасын колдонуп гуманитардык сабактарды окутуунун методикасы" деген темада презентация жасады.
  2. Жолонбаева А.Ж. – экономика илимдеринин кандидаты, доценттин м.а. "ZOOM платформасын колдонуу менен социалдык-экономикалык сабактарды окутуунун методикасы" деген темада презентация жасады.

Модератор: Арапова Э.Б. - философия илимдеринин кандидаты, доцент, "Адам, Мыйзам, Эркиндик" коомдук фондунун жетекчиси.

Вебинардын жүрүшүндө катышуучулар өзүлөрүн кызыктырган суроолорду бере алышты, ошондой эле ZOOM платформасын колдонуу тажрыйбасы менен бөлүшүштү.