THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Академияда «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине 2021-жылдын 28-октябрындагы №127 өзгөртүүлөр» темасында семинар болуп өттү

13.01.2022

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясында «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине 2021-жылдын 28-октябрындагы №127 өзгөртүүлөр» темасында семинар болуп өттү.

 

 «Юриспруденция» программасынын жетекчиси Курамаева Наргиза Ормошбековна алгач сөз сүйлөп, чакырылган конок Ж.Баласагын атындагы  Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин кылмыш укугу жана криминология кафедрасынын доценти,  КР 2021-жылдын 28-октябрындагы №127  Кылмыш-жаза кодексин иштеп чыгуучулардын бири Осмонов Доктурбек Мырзакматовичге сөз узатты .

 

Осмонов Д.М. өз сөзүндө жаңы кылмыш-жаза мыйзамдарын иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен иштөө процессине токтолду, жаңы кодекстин өзгөртүүлөр киргизилген айрым аспектилерине токтолду. Кылмыш-жаза мыйзамдарынын көйгөйлүү маселелери да баса белгиленди.

 

Коноктун сөзүнөн кийин академиянын студенттери менен суроо-жооп форматында кызуу талкуу болуп өттү.