THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Ж.Абдрахманов атындагы КРПМБАсы Бишкек ш. мэриясы менен биргеликте «КРПМБАнын ректорунун кубогу» аттуу футболдук мелдеш уюштурду

28.02.2022

2022-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын 30 жылдык мааракесине карата студенттер арасында футзал боюнча «КРПМБАнын ректорунун кубогу» аттуу футболдук мелдешти уюштурду.

Беттештин ачылышында академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго, вице-мэр Виктория Мозгачевага жана Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директоруна Мирлан Пархановго кызматташтыгы жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык каттарды тапшырды.

Футзал боюнча «КРПМБАнын ректорунун кубогу» оюнга 8 студенттик команда катышып, оюндун жыйынтыгында байгелүү орундардын жеңүүчүлөрү аныкталып, аларга Академиянын ректорунун өтмө кубогу, дипломдор, медалдар жана үч футбол тобу тапшырылды, ошондой эле "Мыкты дарбазачы", "Мыкты оюнчу", "Мыкты коргоочу", "Мыкты чабуулчу" номинациялар боюнча дипломдор жана сыйлык фигуралары тапшырылды.

Экинчи бөлүктө борбор калаанын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын командалары менен Академиянын командасынын ортосунда жолдоштук беттеш өттү. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы футболдук мелдешти өткөрүүгө көрсөткөн салымы  үчүн Бишкек шаарынын мэриясына, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы  Мамлекеттик башкаруу академиясынын алдындагы А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумуна жана УТРК Спорт телеканалына маалыматтык колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирет.