THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Ж.Абдрахманов атындагы  КРПМБАда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары ачык лекциясы болуп өттү

02.03.2022

2022-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы  Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары, э.и.к. Джуматаева Гулнур Муратовнанын  «Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасын реформалоо» темасында ачык  лекциясы болуп өттү.

Лекцияны «Экономика» багыты боюнча билим берүү программасын ишке ашыруунун алкагында академиянын магистранттары жана студенттери үчүн э.и.д., профессор А.И. Абдиева уюштурган. Жалпысынан лекциянын жүрүшүндө пенсиялык камсыздоону өнүктүрүүдөгү көйгөйлүү маселелер жана мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу системасын өркүндөтүүнүн негизги жолдору талкууланды. Иш чаранын жүрүшүндө лектор экономикалык жактан активдүү калктын ар кандай катмарларына келечекте материалдык пенсия ала алышы үчүн анын адекваттуулугуна жетишүү үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын тариф саясатын өркүндөтүү маселелерине токтолду.