THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Ж.Абдрахманов атындагы КРПМБА жана ФХЗнын биргелишкен магистердик программалардын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү

04.04.2022

2022 - жылдын 1 – апрел күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы  мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Ханнс Зайдель фондунун биргелишкен магистердик программалардын "Менеджмент" багытынын МЕНмд-1-19 тайпасынын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү.

Академиянын проректору  Аманалиев Урмат  Олжобекович, Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун жетекчиси доктор Макс Георг Майер, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү Алышбаев Калыбек Кеңешович , э.и.д., профессор «Экономика жана менеджмент» кафедрасынын башчысы Абдиева Адиля Ильясбековна, э.и.д., профессор «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» кафедрасынын башчысы Жапаров Турдубек Турдалиевич, э.и.к., Илим жана билим департаментинин жетекчиси Исланова Рахат Усенбековна жана академиянын бүтүрүүчүсү Чүй Бишкек Группасынын төрагасы Махмудов Улан Алымжанович бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, дипломдорду тапшырышты.