THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Ж.Абдрахманов атындагы конок лекциясы болуп өттү

21.04.2022

2022-жылдын 20-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мыйзам чыгаруу жана мыйзамдуулук институту жана Тандем юристтер коому менен биргеликте студенттер жана профессорлук-окутуучулук курам үчүн,  мыйзам ченем жаратуу, мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик башкаруунун принциптерин камсыз кылуу жаатында конок лекциясы болуп өттү.

Академиянын проректору Аманалиев Урмат Олжобекович алгач сөз сүйлөп, бул иш-чаранын лекторлору менен тааныштырды.

Аталган институттун ишмердүүлүгү жана аны түзүлүшнүн максаттары тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ченем жаратуу жана мыйзамдуулук институтунун орун басары Курманалиева Асел Абылкановна айтып берди.

Ошондой эле, «Тандем» юристтер ассоциациясынын аткаруучу директору Эргешбаева Таттыбүбү жана «Тандем» юристтер ассоциациясынын аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Токоев Токтобек Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Конституциясы боюнча аткаруу бийлик органдарына талдоо жүргүзүп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иши боюнча бир катар түшүндүрмөлөрдү беришти.