THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Ж. Абдрахманов атындагы КРПМБАда Т. Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган тегерек стол өткөрүлдү

20.05.2022

2022-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясында кыргыз элинин залкар, белгилүү жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган “Т.Сыдыкбеков – замандаштарынын көз карашы менен” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – улуу жазуучубуздун басып өткөн жолунда канчалык кыйынчылыктар болсо да, кыргыз элинин турмушун баяндап, чыгармалары менен элдин жүрөгүнүн түпкүрүндө  калаарын дагы бир ирет даңазалоо жана атактуу жазуучунун тарбиялык мааниси зор чыгармаларын студенттерге таанытуу менен бирге, аларды адамгерчиликке, ыймандуулукка, улууларды урматтап, кичүүлөрдү ызааттоого тарбиялоо.

Тегерек столдо алгач сөздү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын бөлүм башчысы Аида Ишеналиева баштап, Т.Сыдыкбековдун мааракесине арналып чыгарылган “Тил – улуттук маданият, улуттук мурас, байлык” деген китеби тууралуу баяндап берди. Мындан сырткары, философия илимдеринин кандидаты, доцент  Арапова Элмира Байышовна, тарых илимдеринин доктору, доцент Болпонова Асыл Бакытбековна жана филология илимдеринин кандидаты Урусова Гүлайым Бейшеновналар сөз сүйлөштү. 

Иш-чарада бакалавр программасынын 1-3-курстарынын студенттери тарабынан даярдалган илимий баяндамалар окулду. Акбала кызы Нуркыз, Орозбек уулу Марсел, Шералиева Интизар, Азаматов Айбек жана Мударис уулу Адилет баяндамаларды окушту. Ошондой эле кызыктуу суроолор берилип, талкуулар болду. Тегерек столдун аягында студенттер Түгөлбай Сыдыкбеков тууралуу маанилүү жана тарбиялык мааниси зор маалыматтарды алышып, иш-чара негизги максатына жетти.