THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

КРПМБАсы КР ММСПЖСМги, БУУнун агенттиктери жана ЕККУ менен биргеликте изилдөө жүргүзүштү

20.05.2022

2022-жылдын 19-май күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы Кыргыз Республикасынын  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, БУУнун агенттиктери жана ЕККУ менен биргеликте жаштарга тиешелүү изилдөө жүргүзүштү. Бул изилдөө Кыргыз Республикасынын жаштарынын бакубаттуулугу жана өнүгүү индекси (ИБРМ) деп аталат, ал учурда Кыргыз Республикасынын жаштарынын абалы кандай экенин жана абалды жакшыртуу үчүн эмне кылуу керек экенин көрсөтөт.

Анкета 8 артыкчылыктуу багыт боюнча (билим берүү, ден соолук, коопсуздук ж.б.) 127 суроону камтыйт. Анкетаны толтурууга кеткен убакыт 40 мүнөт.

Сурамжылоонун натыйжалары компьютердик иштетүүдө агрегаттык түрдө гана колдонулат, андыктан анонимдүүлүккө жана купуялуулукка кепилдик берилген.

Бул социологиялык сурамжылоого ар бир жаштар өкүлүнүн катышуусу Кыргызстандын жаштарынын көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын аныктоого чоң салым кошот!