THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Ж.Абдрахманов атындагы КРПМБАда Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган маданий-агартуу форуму болуп өттү

31.05.2022

2022-жылдын 19-26-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган маданий-агартуу форуму болуп өттү.

Форумдун максаты – Т.Сыдыкбековдун руханий мурасынын азыркы коомго тийгизген таасирин түшүнүү, студенттердин көңүлүн Т.Сыдыкбековдун чыгармачылыгына буруу.

Алгач 1-курстун Мен-1-21 тайпасынын студенттери : Кененова Назым тарабынан даярдалган. , Турсунакунова Томирис, Шайрахунова Дарья, Жумамидин Сезим тарабынан дайындалган “Т.Сыдыкбеков-адам-тоо!” темасында интеллектуалдык викториналык оюну чоң кызыгуу менен өтүп, студенттер жазуучунун чыгармачылыгы, ишмердүүлүгү тууралуу суроолорго жооп беришти . Викторинанын жеңүүчүсү Асанова Бегайым болду.

Андан соң окурмандардын кароо-сынагы (Т. Сыдыкбековдун көркөм чыгармаларынан үзүндү) болду.

Бул сынакта 1-курстун Мен-1-21 тайпасынын студенттери Абдылдаева Чуйжазы, Алмазбекова Мираида, Дүйшөналиева Аяна, Өмүрзакова Эркеайым, Юр 1-21 тайпасынын 1-курсунун студенттери Равшанбек Садиров, Акбала Нуркыз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Соңунда студенттер «Т. Сыдыкбеков менин жашоомдо» темасында дилбаян жазуу боюнча жарыштын жеңүүчү деп ГМУ-1-19 тайпасынын 3-курсунун студенти Кожоназарова Нурсулуу табылды.

Калыстар тобунда академиянын проректору Аманалиев Урмат Олжобекович, окуудан тышкаркы иштер боюнча координатор Арапова Эльмира Байышевна, Кыргыз драма театрынын адабий бөлүмүнүн жетекчиси - Нуркыз Расул кызы жан доцент, кыргыз тили мугалими Урусова Гүлайым Бейшеновна болушту.