THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Ж. Абдрахманов атындагы КРПМБАда эл аралык конференциясы болуп өттү

06.06.2022

2022-жылдын 1-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында. «Келечекти түзүү: Кыргыз Республикасында БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу» эл аралык конференциясы болуп өттү.

Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, экономика илимдеринин доктору, профессор, академиянын илим жана өнүктүрүү боюнча проректору Абдиева Адиля Ильясбековна, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын реформаларга мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы, Темиркулов Азамат Азатбекович алгач сөз сүйлөшүп .

«Евразия таануу: этно-конфессионалдык көп түрдүүлүк жана билим берүү саясаты» кафедрасынын башчысы тарых илимдеринин доктору, проф. Ожукеева Токонай Оукеевна «Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу» окуу модулдары менен тааныштырды.

Бул конференцияга академиянын студенттери жана аспиранттары катышты.

Конференциянын жүрүшүндө аспиранттар Төлөгөнова Г.Б., Ашымов С.Ж. баяндама жазашты ошону менен бирге катышуучулар тарабынан КР аймактарында ТӨМ ишке ашыруу боюнча бир катар долбоорлор сунушталып, жыйынтыгында конференциянын катышуучуларына сертификаттар тапшырылды.

Бул иш-чаранын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын Евразия изилдөөлөр: этно-конфессионалдык көп түрдүүлүк жана билим берүү саясаты кафедрасы болду.