THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Нарын облусунда магистрлик программаларынын бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу

05.10.2022

2022-жылдын 1-2-октябрында  Нарын облусунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы  Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Ханнс Зайдель Фондунун биргелешкен  магистрлик программаларынын бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Иш чаранын жүрүшүндө академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич,  Ханнс Зайдель Фондунун Борбор Азиядагы директору Макс Георг Майер жана жети дубандан келген академиянын  бүтүрүүчүлөрү, Нарын облустук администрациясынын  аппарат жетекчиси Беккелдиев Жылдызбек, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Молдосалиев Автандил, НМУнун ректору Байбагышев Эрмек менен жолугушууларды өткөрүштү.  Мындан тышкары  Нурбек Жолбуновдун сүрөт галереясы, Дамира  Кампабекованын  Ат-Башы районундагы  медициналык «Дордой - дары» заводуна жана  Умутбек Исмаилов  жетектеген «Салкын-Төр» мамлекеттик коругунда болушту.

Нарын облусунан Президенттик академия  менен  Ханс Зайдель фондунун  биргелешкен программалары боюнча жалпысынан 121 бүтүрүүчү бар.

Белгилеген жолугушууну Ханнс Зайдель Фондунун колдоосу менен Нарын облусунун бүтүрүүчүлөрүнүн тобу, координациялык кеңештин мүчөлөрү уюштурган.