THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Cтуденттер "Ала-Арча" эс алуу комплексинде ишембилик өткөрүштү.

10.10.2022

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан башталган “Таза Мурас” акциясынын алкагында  өлкө аймагы боюнча Улуттук тазалык күнүнө карата биздин Академиянын мугалимдери жана студенттери "Ала-Арча" эс алуу комплексинде ишембилик өткөрүштү.

Өлкөбүздүн жалпы жарандарын айлана-чөйрөнү ирээтеп-тазалоого, тийиштүү аянттарды көрктөндүрүүгө жана өзүбүз үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө чакырабыз. Экологияга кам көрүү, тазалыкты жана жагымдуу шарттарды түзүү ар бирибизден башталат!

Ишембиликтин соңунда студенттер  кеңешинин мүчөлөрү секторлор боюнча тренинг өткөрүп, алдыда Академияда өтүлө турчу иш-чаралар боюнча план түзүштү.

Ишембиликти уюштурууга колдоо көрсөткөн “Ала-Арча” улуттук жаратылыш паркынын жетекчилигине жана Бишкек шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу мекемесинин директору Темикеев Бакыт Акылбековичке терең ыраазычылык билдиребиз.

Жарандык активдүүлүктү көрсөтүп, четте калба!

ТАЗА МУРАС

ТАЗА ШААР

ТАЗА КЕЛЕЧЕК