THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

“Мамлекеттик сектордогу долбоорлорду башкаруу” темасында тренинг өттү

20.12.2022

2022-жылдын 16-декабрынан 18-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы Борбор Азиядагы Ханнс Зайдель Фонду менен  биргеликте “Мамлекеттик сектордогу долбоорлорду башкаруу” темасында Академиянын кызматкерлери жана мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү үчүн тренинг өткөрдү.

Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич жана Ханнс Зайдель Фондунун Борбор Азиядагы долбоордук жетекчиси, доктор Макс Георг Майер алгач сөз сүйлөшүп, тренер Евнеев Арман Кайратовичти тааныштырышты.

Үч күндүк тренингде Арман Кайратович долбоорлорду башкаруунун теориялык негиздери жана негизги принциптери, мамлекеттик пландоо системасына долбоордук менеджментти киргизүү, долбоорлорду башкаруунун маалымат системасы тууралуу кеңири айтып берди.

Тренингдин жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.