THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

КР Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында илимий конференция болду

13.03.2023

2022-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында «Юриспруденция жана философия» кафедрасынын уюштуруусу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына  карата “Мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун конституциялык негиздери” темасынында жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында илимий конференция болуп өттү.

Конференцияга Э. Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы, Борбордук Азиянын Эл аралык университети, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана Кыргызстан Эл аралык университетинин студенттери катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө мамлекеттик башкаруунун жана муниципалдык башкаруунун конституциялык негиздерине тиешелүү докладдар окулуп, алардын тегерегинде кызуу талкуулар орун алды.