THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

“Мамлекеттик сектордогу долбоорлорду башкаруу” китебинин презентациясы болуп өттү

04.04.2023

2023-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында, Ханнс Зайдель Фондунун колдоосу менен жарык көргөн авторлор э.и.д., Академиянын профессору - Абдиева А.И., т.и.д., Академиянын профессору - Мурзаева С.К., мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт - Исанова А.Н., “Мамлекеттик сектордогу долбоорлорду башкаруу” китебинин презентациясы болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ректор, профессор Акматалиев Алмазбек Акматалиевич Ханнс Зайдель Фондунун Борбор Азиядагы жетекчиси, доктор Макс Георг Майерге көрсөткөн колдоосу жана мамлекеттик кызматкерлердин билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш-чарага академиянын профессорлук-окутуучулук курамы катышышты. Бардыгы болуп 400 нуска окуу китептери басылып чыгып, 340 даанасы Академиянын китепканасына өткөрүлдү.

Китепти шилтемеден жүктөп алсаңыз болот: https://drive.google.com/file/d/1qyfZXAwbc_3394PTNrpAtnTWDk3SRf72/view?fbclid=IwAR0T-uU0NYGUaNUkMUAvlllHrxm2YDSwCl9dSNEk7oHQlQVMWCTG1NT4f8U