THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

«Экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү» кесиптик квалификацияны жогорулатуу

18.05.2023

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманова атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында «Экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү» темасында72 сааттык кошумча кесиптик квалификацияны жогорулатуу программасын ийгиликтүү аяктады. Программа Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россиянын Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте даярдалган.

Программанын негизги эксперти: Залысин Игорь Юрьевич, саясий илимдердин доктору, РАНХиГСтин Финансы жана туруктуу өнүгүү институтунун профессору.

Тренингдин жүрүшүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Антитеррордук борборун (КМШ АТК), КМШ АТКнын Борбордук Азия аймагындагы филиалын (Бишкек, Кыргыз Республикасы) түзүү жана уюштуруу-укуктук ишинин маселелери каралды.  Практикалык сабактарда эксперт менен биргеликте Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 4-июлундагы № 55 «Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы кеңири изилденди.

Программанын 20 студентине (мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер) Россиянын Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын (РАНХиГС) квалификациясын жогорулатуу сертификаттары ыйгарылды.