THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

РФнын Президентине караштуу Россиянын Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясы Эл аралык жайкы кампусуна тандоо

02.06.2023

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ЭУБ-1-21, БУАА-1-21 тайпаларынын студенттери Аскербеков Улук жана Төлөнова Жасмин, экономика илимдеринин доктору, Академиянын профессору Токтобекова Майрамкүл Акматбековнанын илимий жетекчилиги алдында Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россиянын Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясы  Эл аралык жайкы кампусуна комплекстүү көп баскычтуу тандоодон өтүп, 2023-жылдын 14-июлунан 23-июлуна чейин өтө турган «Евразиялык интеграция-2030» долбоорунун алкагында сынактын финалисттери болушту.

Президенттик Академиянын Эл аралык жайкы кампусу – бул жаштар үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү уникалдуу эл аралык билим берүү долбоору, анын окуу планы лекциялардан, тренингдерден, семинарлардан, мастер-класстардан, вебинарлардан жана интерактивдүү алдыңкы орусиялык жана чет элдик окумуштуулар, мамлекеттик кызматкерлер ошондой эле дүйнө жүзү боюнча бизнесмендердин окутууларынан турат.