THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшу.

22.06.2023

2023-жылдын 20-июнь күнү Жусуп Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбору кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти:

• башталгыч жана орто кесиптик билим берүү тармагында кадрларды даярдоо маселелери боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү;

• эки тарапты кызыктырган темалар боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү жана долбоорлорду жүргүзүү;

• башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин даярдоо маселелери боюнча илимий-практикалык семинарларды, тегерек столдорду өткөрүү;

• Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында биргелешкен тренингдерди жана квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү;

• башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн окуу жайларынын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө коюлган талаптардын негизинде окутуу программаларын жана квалификациясын жогорулатуу модулдарын иштеп чыгуу;

• кызматкерлерди окутуунун жаңы ыкмалары боюнча тренерлер үчүн тренингдерди өткөрүү.