THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди сыйлоо аземи

23.06.2023

2023-жылдын 23-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине карашатуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан уюштурулган 23-июнь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик (жарандык) жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик күнүнө карата мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди Агенттиктин ведомстолук сыйлыктары менен сыйлоо аземи болуп өттү.

Иш чарага Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Карыпбеков Улан Кадырсултанович, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президеннттин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы Джунушалиев Айбек Джанышбекович жана Агенттиктин ардагерлеринин өкүлдөрү,  мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер менен Агенттиктин эмгек жамааты катышышты.

Салтанатта, Агенттиктин ведомстволук “Мамлекеттик кызматтын отличниги”, “Муниципалдык кызматтын отличниги”, “Ардак грамота”, “Грамота” сыйлыктары менен алдыңдкы мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер сыйланды.