THE ACADEMY OF PUBLIC
ADMINISTRATION UNDER THE
PRESIDENT OF THE KYRGYZ
REPUBLIC named after
ZH.ABDRAHMANOV

Our partners

Диплом тапшыруу аземи

26.06.2023

2023-жылдын 26- июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Ханнс Зайдель фондунун биргелишкен магистердик программалардын  "Менеджмент" багыты боюнча "Мамлекеттик сектордогу менеджмент" программасынын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү.

Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, Ханнс Зайдель Фондунун Борбор Азиядагы жетекчиси доктор Макс Георг Майер, академиянын проректору Абдиева Адиля Ильясбековна, ошондой эле э.и.д., профессор, «Мамлекеттик башкаруу жана укук” кафедрасынын  башчысы Жапаров Турдубек Турдалиевич, э.и.к. доцент, «Илим жана билим» департаментинин жетекчиси Исланова Рахат Усенбековна жана Президенттин Администрациясынын эксперти Пак Вячеслав Вячеславович бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, дипломдорду тапшырышты.