КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россиянын эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын эл аралык жайкы кампусу

20.07.2023

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ЭУБ-1-21, БУАА-1-21 тайпаларынын студенттери Аскербеков Улук жана Төлөнова Жасмин, экономика илимдеринин доктору, Академиянын профессору, Токтобекова Майрамкүл Акматбековнанын илимий жетекчилиги астында   Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россиянын эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын эл аралык жайкы кампусуна сынактардан тандалып алынып барып катышууда. Жайкы кампус студенттер, жаштар үчүн уникалдуу эл аралык билим берүү долбоору, анын окуу планы лекциялардан, тренингдерден, семинарлардан, мастер-класстардан, вебинарлардан жана интерактивдүү сабактардан турат. Командалардын бет ачарына келгенде Аскербеков Улуктун командасы байгелүү 2-орунга ээ болушту.

Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россиянын эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын эл аралык жайкы кампусу 2023-жылдын 14-июлунан 23-июлуна чейин Сочи шаарында өтөт.