КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

“Заманбап лидер” программасы боюнча окуу курсу

29.09.2023

2023-жылдын 18-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-усулдук борбору менен биргелешкен окууларды жана квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү меморандумдун 2-беренесине ылайык, Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 27 кесиптик лицей директорлоруна “Заманбап лидер” программасы боюнча окуу курсун өткөрүүдө.

Окуу планы 4 модулдан турат (ар бир модулда 4 дисциплина):

1. Билим берүү, эмгек жана башкаруу мамилелери жаатындагы мыйзамдардын негиздери.

2. Финансылык менеджмент

3. Билим берүүдөгү менеджмент: башкаруу компетенцияларын өнүктүрүү

4. Уюмдарды өнүктүрүүнүн стратегиясы жана тактикасы.

Курс башталганга чейин курстун катышуучуларын окуу планына киргизилген дисциплиналар менен тааныштыруу үчүн офлайн форматында багыт берүүчү лекциялар өткөрүлдү. Курсту өткөрүүгө академиянын жогорку квалификациялуу окутуучулары (анын ичинде 5 илимдин доктору, 7 илимдин кандидаты), ошондой эле тышкы эксперттер тартылган.

Курстун узактыгы 2,5 ай, жеткирүү формасы онлайн. Курсту аяктагандан кийин угуучулар кесиптик кайра даярдоонун мамлекеттик үлгүдөгү сертификатына ээ болушат.