КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

“Коопсуз коом: кылмыштуулуктун алдын алуу стратегиялары” Эл аралык жаштар форуму

06.05.2024

2024-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясында, Ички иштер министрлигинин Академиясынын 55 жылдыгына арналган “Коопсуз коом: кылмыштуулуктун алдын алуу стратегиялары” аталышы менен Эл аралык жаштар форуму болуп өттү.

Жаштар форумуна проректор Аманалиев Урмат Олжобекович жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу Академиясынын юридикалык факультетинин 2-3-курсунун студенттери, магистранттар, курсанттар, ата мекендик жана чет өлкөлүк ЖОЖдордун студенттери катышты. Ошондой эле онлайн режиминде Россия Федерациясынын, Казакстандын жана Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин окуу жайларынын өкүлдөрү катышты. Форум 100дөн ашык катышуучулардын жана коноктордун башын бириктирди.

 Жаштар форумунун соңунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын башчысы, милициянын генерал-майору Тариэл Абитов сертификаттарды тапшырды.