КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Тегерек стол

08.05.2024

2024-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында кызыкдар тараптар менен тегерек стол болуп өттү, ага төмөндөгүлөр катышты:

Абакирова Асел - Нотариат жана юридикалык жактарды каттоо жана апостиль коюу бөлүмүнүн башчысы;

Найманбаев Азамат - ЖОЖдор боюнча бөлүм башчы, КРСУнун проректору;

Усенбаев Данияр Маратович - Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

Турусбеков Радбек Убайдылдаевич - милициянын полковниги, Кыргыз Республикасынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы;

Эралиева Айдай - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин кадрлар менен иштөө боюнча жетектөөчү адиси;

Бакиров Эркин Абытжанович - Банкроттук иштер департаментинин директорунун орун басары;

 Абдиева Адиля Ильясбековна - Академиянын проректору;

Камил кызы Гузел – «Юриспруденция жана философия» кафедрасынын башчысы,

кафедранын окутуучулары: Атакулова А.А; Ботоева Ч.К; Жантаева Г.Г.; Исаева Ж.Б; Сапаралиева Г.Н.; Конурбекова Г.Н., ошондой эле Академиянын юриспруденция боюнча бакалавриат жана магистратура программаларынын студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ЖОЖдордогу дисциплиналардын учурдагы сапаты жана натыйжалуулугу талкууланды. Академиянын окуу процессине бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча көптөгөн сунуштар каралды. Тегерек столдо кафедра башчысы «Юриспруденция» багыты боюнча бакалавриат жана магистратуранын окуу процессине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жана жаңылыктар боюнча баяндама жасады.

Жыйынтыгында тегерек столдун катышуучулары сунуш кылынган идеяларды ишке ашыруу боюнча бир катар милдеттерди коюп, байланыштар менен алмашышты жана мындан аркы кызматташуу жана Академияда конок лекцияларга баруу боюнча макулдашышты.