КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

«Заманбап коомдогу бухгалтердик кесип: учурдун чакырыктары» темасында тегерек стол.

17.05.2024

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын Жогорку кесиптик билим берүү мектебинин экономика жана башкаруу кафедрасы 2024-жылдын 7-майында «Заманбап коомдогу бухгалтердик кесип: учурдун чакырыктары» темасында тегерек стол өткөрдү.

Тегерек столдун максаты иш берүүчүлөр менен бухгалтердик кесиптеги бухгалтердик эсеп жана аудит чөйрөсүндө санариптештирүүнүн таасири астында квалификацияны жогорулатууга байланышкан актуалдуу маселелерди жана көйгөйлөрдү талкуулоо болуп саналат. Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит чөйрөсүндө бакалаврларды жана магистрлерди даярдоонун окуу пландарын талкуулоо аркылуу Академиянын бүтүрүүчүлөрү үчүн кесиптик чеберчиликти жогорулатууга жардам бере турган мүмкүн болгон сунуштарды карап чыгуу, потенциалдуу иш берүүчүлөр менен тыгыз байланыш түзүү жана алардын билим берүүдөгү кемчиликтер жөнүндө ой-пикирин изилдөө.

Тегерек столго бухгалтердик эсеп жана аудит тармагында кызмат көрсөткөн ар кандай уюмдардын, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, академиянын окутуучулары жана бүтүрүүчүлөрү чакырылган.