КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Айыл өкмөт башчылары үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары

28.05.2024

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-апрелиндеги №175-тескемесиндеги Мамлекеттик заказды ишке ашыруунун алкагында 2024-жылдын 27-майынан 30-майына чейин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы айыл өкмөт башчылары үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары башталды.

Иш чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн эксперти Шамеев Азамат Султанович, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Саргазаков Максат Таштанбекович жана ушул эле Агенттиктин эл аралык кызматташтык жана окутуу бөлүмүнүн башчысы Сүйүнов Данияр Унгарбаевич, Академиянын проректору Аманалиев Урмат Олжобековичтер катышып айыл өкмөт башчыларынын окуу курсунун максаттары менен тааныштырып, катышуучуларга ийгилик каалап өтүштү.

Аталган курс Чүй облусундагы 49 айыл өкмөт башчылары үчүн 27-майдан 30-майга чейин өткөрүлмөкчү.