КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

«Жашыл» экономика боюнча тренинг

30.05.2024

2024-жылдын 28-майынан 31-майына чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Германия Өкмөтүнүн, Европа Бирлигинин жана Швейцариянын Өкмөтүнүн биргелешкен каржылоосу менен Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) (Германиянын эл аралык кызматташтык коому) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргызстанда жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» программасынын ортосундагы кызматташтыктын алкагында Академиянын жана аймактык ЖОЖдордун Консорциумнун профессордук-окутуучулук курамы үчүн «жашыл» экономика боюнча тренинг (ТоТ) өткөрүлүүдө.

Бул иш чаранын максаты - программанын колдоосу менен тренерлерди 2024-жылдын сентябрь айында райондук жана облустук администрациялардын башчыларына «жашыл» экономиканын жана туруктуу өнүгүүнүн негизги принциптерин сунуштаганга даярдоо. 2025-жылдан тарта бул аспектилер мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн мамлекеттик бюджеттин эсебинен өткөрүлө турган милдеттүү курстардын бир бөлүгү болуп калат. 

Иш чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы жана Германиянын эл аралык кызматташтык коому  Кыргыз Республикасынын «жашыл» экономика жана туруктуу өнүктүрүү жаатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатууга багытталган биргелешкен кызматташуу жөнүндө ар тараптуу макулдашуусуна кол коюшту.