КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

Кызматташууга кол кою

03.06.2024

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, профессор Акматалиев Алмазбек Акматалиевич 2024-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси  Алымбаев Алайбек Анаркулович менен өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Меморандум парламентаризмди өнүктүрүүдө өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

Меморандумдун алкагында Академия жана Жогорку Кеңештин Аппараты окуу курстарын, конференцияларды, тегерек столдорду, тренингдерди, семинарларды ж.б. иш – чараларды бирге уюштуруп, өз ара кызыкчылыктагы темалар боюнча биргелешкен илимий изилдөө иштерин жана долбоорлорун жүргүзмөкчү.

Кызматташтыктын алкагында Академияда «Праламентаризм» илимий изилдөө кафедрасы түзүлөөрү белгиленди. Кафедрага мүчө катары магистранттар, депутаттар, эксперттер кирип парламентаризмдин алкагында ар тараптуу темада изилдөө иштерин даярдоолору мүмкүн экендиги айтылды. Ошондой эле кафедра Жогорку Кеңештеги мыйзам долбоорлорун Академияда билим алып жаткан студенттер жана магистранттар менен талкуулоого чоң өбөлгө түзмөкчү.

Кызматташуу илимий чөйрө менен практиктердин ортосундагы байланышты камсыз кылат. Бүгүнкү күндөгү мыйзам чыгаруудагы аналитика, экспертиза сыяктуу көйгөйлүү маселелерди чечүү жолдору окумуштуулардын түздөн – түз катышуусу менен илимий жактан аныкталынган колдонмолорду иштеп чыгуу, мыйзам долбоорлоруна сунуштарды берүү аркылуу жүргүзүлөт.