КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

«Жашыл» экономика боюнча тренингдин (ТоТ) жыйынтыктоо аземи

03.06.2024

2024-жылдын 31-май күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында (GIZ) Германиянын эл аралык кызматташтык коому тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргызстанда жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» программасынын ортосундагы кызматташтыктын алкагында Академиянын жана аймактык ЖОЖдордун Консорциумунун профессордук-окутуучулук курамы үчүн 72 сааттык «жашыл» экономика боюнча тренинг (ТоТ) жыйынтыктоо аземи болуп өттү.

Иш чаранын жүрүшүндө Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич жана тренерлер Жашыл экономика жана нарк чынжырларын өнүктүрүү боюнча эксперт GOPA AFC  Торстен Свобода,  Жашыл экономика боюнча эксперт GOPA AFC Гүлназ Жалилова алгач сөз сүйлөшүп катышуучуларга тастыктамаларды тапшырышты.