КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ
Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
АКАДЕМИЯСЫ

Биздин өнөктөштөр

“Натыйжалуу башкаруу жана коррупцияга каршы аракеттенүү” аттуу өлкөдөгү биринчи магистрдик программанын ачылыш аземи

01.10.2024

2024-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында БУУнун Өнүктүрүү программасынын “Коррупцияга каршы күрөшүү, жоопкерчилик жана адамдардын кызыкчылыгына багытталган аракеттерди күчөтүү” долбоорунун алкагында АКШнын Мамлекеттик департаментинин каржылоосу менен иштелип чыккан “Натыйжалуу башкаруу жана коррупцияга каршы аракеттенүү” аттуу өлкөдөгү биринчи магистрдик программанын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага академиянын окутуучулар жамааты, мамлекеттик органдар менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана программанын студенттери катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө академиянын ректору Алмазбек Акматалиев жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева сөз сүйлөшүп, бул программанын Кыргызстан үчүн маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун баса белгилешти.